АТЫР I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Спирт кошуп жасалган жыпар жыттуу суюктук, парфюмердик зат. Атыр жыттуу. Өзгөчө алма бактын жыты кандай, Издесем атырды да таппайм андай (Нуркамал).
АТЫР II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 диал. Жатат деген жардамчы этиштин маанисинде айтылат. Айтып атыр, айтып атыр, деги аягына чыкчудай эмес (фольк.).